Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райондордо социалдык маанилүү жана кооптуу оорулар боюнча координациялык кеңешме өттү

Күн тартибинде 4 маселе каралды: курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо, COVID-19 жана кутурма оорусу

Биринчи май акимиатынын имаратында социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу оорулар боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын акимдин орун басары Айнура Арстамбекованын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, райондук медициналык борбордун өкүлдөрүнүн, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларынын, кварталдык, үй комитеттеринин жана райондук активдин катышуусунда өттү.

Күн тартибинде 4 маселе каралды: курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо жана COVID-19, кутурма оорусу боюнча эпидемиологиялык абал, улуттук календарга ылайык 2020-2024-жылдарга имуннопрофилактика программасын ишке ашыруу (кызылча, кызамык, менингитке каршы эмдөө), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 03.04.2022-ж. № 276 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөр, В гепатитин алдын алуу жана эмдөө.

Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында калк арасында эмдөө жана алдын алуу чараларын сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

КРИ жана сасык тумоо менен ооругандардын анализи боюнча 14 жашка чейинки балдар көбүрөөк жабыркайт, бул куракта балдардын вируска сезгичтиги чоңдорго караганда төрт эсе жогору.

Катышуучуларга 2020-2024-жылдарга Улуттук иммунопрофилактика программасын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык эмдөө боюнча маалымат берилди.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында кызамык оорусунун 27 учуру катталган. Акыркы 20 жылдан бери жүргүзүлгөн профилактикалык эмдөөлөрдүн аркасында борбордо дифтерия, полиомиелит, жаңы төрөлгөн балдар арасында столбняк оорулары катталган эмес.

Жүргүзүлүп жаткан санитардык агартуу жана түшүндүрүү иштерине карабастан, акыркы жылдары чоңдор жана балдар үчүн профилактикалык эмдөөлөрдүн төмөндөө тенденциясы байкалууда, ушуга байланыштуу паротит жана көк жөтөл менен ооругандардын саны көбөйүүдө.

Бүгүнкү күндө жаныбарлардын чакканынан жабыркаган 561 адам медициналык жардамга кайрылып, биринчи медициналык жардам жана кутурмага каршы алдын алуу эмдөөлөрүн алышкан.

Өлкөдө В гепатитинин вирусу боюнча курч эпидемиологиялык кырдаал түзүлүп, акыркы жылдардагы расмий маалыматтар боюнча В вирустук гепатити менен жаңы аныкталган бейтаптардын 94%ы өнөкөт түрүндө, ошондой эле жаңыдан ооругандардын 95%дан ашыгы 18 жаштан жогору адамдар.

Район боюнча 24 учур катталып, анын ичинен 2 учур курч кармаган вирустук гепатит В арасында аныкталган.

Жыйындын жүрүшүндө бардык катышуучуларга маалыматтык материалдар таратылды. Координациялык кеңештин жыйынтыгы боюнча тапшырма пункттарын көрсөтүү менен жыйындын актысы түзүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх