Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10-ноябрга карата Кыргызстан боюнча кандай аба ырайы күтүлөт?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 10-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Талас облусунда +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын облусунда +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаап, абанын температурасы +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска жетет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх