Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Свердлов районунун билим берүү мекемелеринде санитардык рейддер өткөрүлдү

Иш-чаранын жүрүшүндө 12 мектеп жана 10 бакча текшерилди

Билим берүү мекемелеринде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тамак-аш азыктарынын ассортименти жана санитардык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддер муниципалдык администрациянын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын МСЭКБ жана билим берүү борборунун адистери менен биргеликте өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, балдардын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө 12 мектеп жана 10 бакча текшерилди. Аныкталган тартип бузуулар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында жетекчилердин атына тамактанууну уюштурууну жакшыртуу боюнча 6 санитардык эскертүү даярдалып, КР укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 2 протокол түзүлгөн.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх