Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын 9-кызматынын кызматкери джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпиону аталды

Дүйнөлүк биринчилик БАЭнин Абу-Даби шаарында өткөн

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Даби шаарында (БАЭ) өткөн. Профессионалдык джиу-джитсу боюнча бул чемпионатка 127 өлкөдөн 7 миңдей спортчу катышты.
УКМКнын 9-кызматынын кызматкери чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясында 77 кг салмакта 1-орунду ээледи.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх