Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШда тарыхта биринчи жолу адамдын көзү толугу менен алмаштырылды

Операция иш учурунда токко урунуп, сол көзүнөн ажыраган 46 жаштагы аскердин ардагерине жасалган

АКШнын дарыгерлери дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу адамдын көзүн толугу менен алмаштыруу боюнча операция жасашканын Нью-Йорк университетинин медициналык борборунун маалыматына таянып “РИА Новости” жазып чыкты.

Операция ушул жылдын май айында жасалып, 21 саатка созулганы айтылды. 140 хирург, медайым, медкызматкерлер тартылган операция иш учурунда токко учурап, сол көзүнөн учураган 46 жаштагы аскердин ардагерине жасалган.

- Жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунган ардагер сол көзүнөн, мурдунан, оозунан, алдыңкы тиштеринен жана ээгинен ажыраган. Буга байланыштуу анын бетинин жарымына операция жасалган, — деп жазылат маалыматта. Азырынча бейтап жаңы көз менен көрө алабы белгисиз экенин дарыгерлер белгилешкен.

- Хирургдардын мындай жетишкендиктери адамдын көрүүсүн жолго салуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда, — деп жазылат медициналык борбордун релизинде.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх