Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында мамлекеттик дарыкана ачылды

“Медициналык инфраструктураны кеңейтүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу иштери да көңүл борборунда"

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Бейшеналиев дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнүн жана саламаттыкты сактоону жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, "Эл Аман" дарыканасынын филиалын ачуу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башка демилгелери өлкөдөгү саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга багытталганын айткан.

- Медициналык инфраструктураны кеңейтүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу иштери да көңүл борборунда", - деген министр өз сөзүндө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх