Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

13-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт

"Бишкексууканал" себебин түшүндүрдү

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында төмөнкү даректердеги турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы М. Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектешет.

Өчүрүү "Белинский" суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх