Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач тарач, душ бөлмөсү жана ашканасы бар

Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн "Мээрим борбору" баш калкалоочу жайы иштейт, аларга ысык тамак, жатакана, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардам берилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бул жерде 12 аял жана 14 бала жашайт, ал эми социалдык кызматтар "Кайрымдуулук борбору"коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлүүдө. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 493 миң сом бөлүнгөн.

Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач тарач, душ бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматты №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.

- Документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Колдоо үйү Трудов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 номерине чалып алууга болот. Директор Роза Казиевна 88-38-99, Жамиля Абдыбекова - муниципалдык администрациянын адиси 65-68-79.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх