Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын балы Өзбекстанга экспорттоло баштайт

Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен Өзбекстандын балчылык тармагынын өкүлү Шухрат Ганиев менен жолугушуусунда Кызматташуу меморандумуна жана Ташкентке кыргыз тоо балын жеткирүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кадам Кыргызстан менен Өзбекстандын балчылык жана бал өндүрүү тармагындагы соода алакаларын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташуу меморандумуна кол коюлуп, алдын ала келишимде Өзбекстандын борборуна кыргыз тоо балын жеткирүү каралган.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты гана эмес, маданий алмашууну да чагылдырган бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артышты.
- Соода өкүлчүлүгү кыргыз балын жеткирүүчүлөр (экспорттоочулар) менен активдүү сүйлөшүүлөрдү улантууда, бул соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, ишмердүүлүктү андан ары кеңейтүүдө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес-коомчулугу менен өз ара пайдалуу алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүү этабы болуп саналат, - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх