Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин эки конушунун ортосуна көпүрө куруу пландалууда

Долбоорду каржылоонун көпчүлүк бөлүгүн Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги өзүнө алмакчы

Биринчи май районунун аймагында "Алтын-Казык" жана "Калыс-Ордо" конуштарынын ортосунда көпүрө куруу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду башчынын биринчи орун басары Райым Жолдошов Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин, Швейцария өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), "«GFA Consulting Group GmbH»" компаниясынын, "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин, №16МАБдын өкүлдөрү менен талкуулады.

Жыйынтыгында катышуучулар "Бишкекбашкыархитектура" МИге көпүрөнү куруу үчүн жумушчу долбоорду иштеп чыгууга өтүнмө жөнөтүүнү чечишти, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 30% өлчөмүндө кошо каржылоо пландаштырылууда, ал эми калган 70% Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги өзүнө алат.

Белгилей кетсек, жолугушуу Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен "Карылар үчүн ресурстук борбор" КБ, "GFA Consulting Group GmbH" компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Аракет-Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн" өнөктөштүк долбоорунун 1 – фазасынын алкагында өттү.

Жалпы максат жаңы конуштардагы калктын аялуу топторунун жашоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле тургундар менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташтык үчүн жагымдуу климатты түзүү болуп саналат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх