Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев дүйнө салды

Ал 71 жашта болгону белгилүү

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев 71 жашында каза болгонун казак басылмалары маалымдады.
Казакстандын Борбордук клиникалык ооруканасы Болат Назарбаевдин каза болгондугун тастыктаганы белгилүү.

-2023-жылдын 13-ноябрында саат 09:51де Болат Назарбаев узакка созулган оорудан кийин каза болду, — деп айтылат оорукананын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. Алдын ала маалымат боюнча, ал инфаркттан улам көз жумган.

Назарбаев Болат Абишевич 1953-жылы Алматы облусунда туулган. 1990-жылдары ишкерлик менен алектенип, “Саликалы урпак” коомдук кайрымдуулук фондун негиздеген. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх