Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык бийчилер биринчи жолу дүйнө чемпиону аталышты

Биринчилик Арменияда өткөн

Кыргызстандыктар спорттук бал бийи боюнча дүйнө чемпиону аталышты. Бул тууралуу спорттук бий федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Арменияда жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык болуп, анын алкагында «жаштар латинасы» категориясында WDSF дүйнөлүк чемпионаты өткөн.

Турнирге 25 өлкөнүн, анын ичинде АКШ, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Япония, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышкан.

Жыйынтыкта кыргызстандык жуп Владимир Вырлеев Менен Мария Прошлецова дүйнө чемпиону титулуна ээ болушту.

Спорттук бий федерациясы

Федерация мындай натыйжага кыргызстандык бийчилер тарыхта биринчи жолу жетишкенин белгилеп өтүштү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх