Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада бүгүн бир катар көчөлөр жабылат

Себебин түшүндүрөбүз

Бишкекте бүгүн, 14-ноябрда бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, мындай чара Бишкекте өтчү КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI отурумуна арналган “Ден соолук” аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы байланыштуу.

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 09:00дөн 12:00гө чейинки унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх