Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2024-жылдагы ажылыкка баштапкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду

Муфтият канча каалоочу баштапкы сумма төккөндүгү тууралуу маалымат берди

2024-жылдагы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрга карата карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы "РСК Банк" банкынын филиалдарына төккөн.

Эске салсак, Кыргызстанда ажылыкка каттоо жана банкка баштапкы төлөм төгүү ушул жылдын 9-ноябрында башталган.

2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх