Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде жайгашкан пилоттук долбоор менен бала бакча ишке киргизилди

Ал кадимки бала бакчадан кандай өзгөчөлүктөргө ээ болмокчу?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев борбор калаанын «Касым» жаңы конушундагы пилоттук долбоорду – «Шоола» бала бакчасын ишке киргизүү иш-чарасына катышты, анын алкагында мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча инновациялык чечимдер киргизилген. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Минкаб Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, мектепке чейинки билим берүү – билим берүү системасынын алгачкы жана эң маанилүү баскычы, «себеби бул куракта адамдын ой жүгүртүү, көңүл буруу, эс тутум, сүйлөө сыяктуу негизги сапаттары калыптангандыктан, билим берүүнүн кийинки баскычтарында баланын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү маанилүү сапаттар бекемделет».

Ал кошумчалагандай, пилоттук долбоорду ишке ашыруу бул бала бакчага баруучу балдардын санын 180 балага көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 1 жаштан 6 жашка чейинки 960 миң бала бар. Мунун өзү 740 миңге жакын бала бакчага барбайт дегенди билдирет. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын 26%ы гана тартылган. Бул долбоорду ишке ашыруу республика боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40%га чейин жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт”, - деди Адылбек Касымалиев.

Касымалиев ошондо эле, долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин активдүү көмөгү менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан сунушталганын белгилеп өттү.

Атап айтканда, пилоттук долбоорго ылайык, жарактуу аянттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жылуучу керебеттер колдонулат, бул балдардын оюндары жана сабактары үчүн кошумча бош мейкиндикти түзөт. Бул чечим бала бакчанын чектелген аянтын эң натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул демилге балдардын уктоочу бөлмөсү эс алуу үчүн гана эмес, окуу жана ойноо үчүн да пайдаланылганы менен өзгөчөлөнөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх