Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик мектеп окуучусу «Наше поколение» эл аралык сынагына катышууда

Сынакта Эмир Абыкеев кыргыз тилиндеги «Балалык» аттуу ырын сунуштайт

Эмир Абыкеев Бишкек мэриясынын колдоосу менен Москвада өтүп жаткан «Наше поколение» эл аралык телесынагына катышууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин 5-классынын окуучусу. Эмир Абыкеев 11 жашта жана ал музыкалык сынактардын катышуучусу.

Эмир 2020-2021-жылдардагы балдардын вокалдык «Асман Kids» ТВ-долбоорунун финалисти, «Жаш таланттар — 2022» сынагынын «Эстрадалык вокал» номинациясы боюнча гран-принин ээси болгон.

Сынакта Эмир Абыкеев кыргыз тилиндеги «Балалык» аттуу ырын сунуштайт. Анда жаштардын таланты менен терең маданий тамырынын кайталангыс айкалышы көрсөтүлөт.

«Наше поколение» балдар автордук ырларынын эл аралык сынагы Россиядагы «Балдар Евровидениесинин» аналогу болуп саналат. Сынакка 13 өлкөнүн өкүлдөрү катышат: Азербайжан, Армения, Бразилия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Маврикий, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Африка Республикасы.

Белгилей кетсек, 16-ноябрдан 18-ноябрга чейин коомчулук Эмирди колдоп, сайттагы онлайн-добуш берүүгө катыша алат www.ourgeneration.tv . Сынактын жеңүүчүсүн калыстар тобу, концерттик залдагы көрүүчүлөр, ошондой эле онлайн платформа аркылуу берилген добуштар аныктайт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх