Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн - бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда бул илдет менен 74 миң 810 киши ооруйт

Кант диабети дүйнөдөгү эң кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат

Бүгүн, 14-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда расмий түрдө кант диабети менен ооруган 74 миң 810 киши катталган.

Алар белгилегендей, өлкөдө ооругандардын саны жыл сайын кеминде 5-7 миңге көбөйөт.

Кант диабети дүйнөдөгү эң кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат жана барган сайын актуалдуу болуп бараткан социалдык көйгөй катары изилденет.

Дүйнөдө:
— ар бир 15 жылда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйөт;
— жыл сайын 1 миллиондон ашык адам буту-колун кесип, 700 миңден ашууну көрүүсүн жоготот.
— ар бир 5 секундда кант диабети менен ооругандар бир адамга көбөйөт;
— ар бир 7 секундда бул оорудан 1 адам каза болот.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх