Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Керемет! Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде тартылган мурал пайда болду

Ага КРнин эл артисти Болот Шамшиев менен жубайы Айтурган Темированын сүрөтү түшүрүлгөн

Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка улуу кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болотбек Шамшиев тарткан, башкы ролду КР Эл артисти, режиссердун жубайы Айтурган Темирова ойногон “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын муралы түшүрүлдү.

Борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматын билдиргендей, имараттын каптал бөлүгүнө Джубили Кыргызстан (ЗАО «Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company») компаниясынын тапшырыгы жана демилгеси менен «KyzArt» чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрү тартышкан.

Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн.

- Белгилей кетсек, жайгашкан жерди тандоодо Биринчи май районунун акимиаты жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүштү, - деп белгилешти Бишкек мэриясынан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх