Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сауд Арабиялык дарыгерлер кыргызстандык бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасап башташты

Кесипкөй хирургдар 70тен ашык операция жасашат

Сауд Арабиядан келген дарыгерлер кыргызстандыктарга жүрөк оорулары боюнча бекер операция жасап баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Кесипкөй хирургдар 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин 70тен ашык операция жасашары айтылды.

Белгилей кетсек, министрлик буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү бейтаптарга бекер операция жасаларын кабарлаган.
Маалыматка ылайык, арабиялык 30 хирург кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрөккө ачык 20 операция жана Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда 50дөн ашык стент койгон операция жасары пландалган. Адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх