Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алган пакистандык студенттер сыйланды

Алар наристени тапкандан кийин Тез жардам кызматына өткөрүп берген

Таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алып, Тез жардамга өткөрүп берген пакистандык студенттерге Бишкектин Октябрь райондук администрациясы ыраазычылык билдирди. Акимиаттын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 13-ноябрь ымыркайды таап алган Мухаммад Закрия Хан, Хамид Али Хан жана Шафкат Алиге Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү ыраазычылык каттарын ыйгарышкан.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү борбор калаанын Элебаев көчөсүндөгү таштан челектен пакистандык жигиттер жаңы туулган ымыркайды таап алып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.
Милиция кызматкерлери көп өтпөй баланын энеси - 21 жаштагы А.Сны таап, ал Октябрь райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге киргизилген.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тергөө тобу барып, ымыркай N1 төрөт үйүнө жеткирилген. Наристеге Кыргызстандын президентинин атынан Садыр деген ысым ыйгарылган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (жаңы төрөлгөн баланы энеси тарабынан өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх