Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпиону аталган УКМК кызматкерине “Эрдик” төш белгисин тапшырды

Чемпионат Абу-Дабиде өтүп, ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан

Бүгүн, 15-ноябрында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМК кызматкерине “Эрдик” төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион аталган УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Т.Жанаев менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Камчыбек Ташиев Жанаевди жеңиши менен куттуктап, мындай утуштар кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле төрага, спорт чемпиондорунун ийгиликтүү жеңиши жаштарды патриоттуу болууга үйрөтөөрүн, андыктан мамлекет спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү улантаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Жанаев Камчыбек Ташиевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди жаратууга аракеттенээрин убадалады.

Эскерте кетсек, 2-10-ноябрында Абу-Дабиде джиу-джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.
Чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясындагы 7 кг салмакта 1-орунду УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээлеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх