Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын футзал боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу болуп испаниялык Луис Бернат Молина дайындалды

46 жаштагы Луис Бернат Молина буга чейин Таиланд, Япония жана Франциянын клубдарында эмгектенген

Испаниялык адис Луис Бернат Молина Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Мекемеден белгилешкендей, бүгүн, 15-ноябрда жаңы машыктыруучу жана Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков эмгек келишимге кол коюшту. Белгилей кетсек, маалыматта эмгек келишими канча жылга түзүлгөндүгү көрсөтүлгөн эмес.

46 жаштагы Луис Бернат Молина буга чейин Таиланд, Япония жана Франциянын клубдарында эмгектенип, ошондой эле Въетнам жана Таиланддын жаштар курамасын машыктырганы белгилүү.Команданын мурунку башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары дагы жаңы машыктыруучулар штабынын курамына киришмекчи.

2024-жылдын апрель айында Кыргызстандын курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө ойнойт, анда ата-мекендик курама башкы орундардан сырткары, Дүйнөлүк чемпионатынын жолдомосу үчүн күрөшөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх