Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды

Маркумдун сөөгү 17-ноябрда Аксы районунда жерге берилет

Бүгүн, 15-ноябрда белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды. Топчубек Тургуналиевдин акыркы күндөрү ооруп жүргөнү маалым. Маркумдун сөөгү 17-ноябрда Аксы районунда жерге берилет.
Коомдук ишмер “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти болгон. "Манас" эпосун жайылтууда опол тоодой салым кошкондордун бири.
Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун аяктап, 1975-жылы ММУда (Москва мамлекеттик университетинде) кандидаттык диссертациясын жактаган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх