Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр

Баланын таянеси Талас облусунда жашай турганы айтылды

Бишкекте 8-ноябрда таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр. Бул тууралуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Алардын айтымында, табылган баланын таянеси, Талас айылынын жашоочусу С.Г келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок, ымыркайды таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттардын жана талаптардын аткарылышы керек. Мекеме бул боюнча атайын жумуш жүрөрүн белгиледи.

Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришкен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх