Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен айыл чарба жарманкеси өттү

Жарманкеге органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөр алынып келинген

15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” Эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Bш-чараны Баткен району менен Баткен шаары, Өзбекстандын Рыштан жана Сох райондору биргеликте, дыйкан фермерлерди, ишкерлерди колдоо жана алардын кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурушканы белгиленди.
Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөрүн алып келишкен.

undefined
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Риштон районунун акими Бахадир Холиков, Сох районунун акиминин орун басары Муслимбек Мавлонбековдор, өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрүп чыгып, ар биринин ишмердүүлүгү боюнча баарлашты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх