Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аалымдар кеңеши паранжы жана сакал үчүн айып пул салуу демилгесине каршы

Мекеме Шарапаткан Мажитованын демилгеси боюнча үн катты

Кыргызстандын Аалымдар кеңеши депутаттын паранжы жана узун сакал койгондорго айып пул салуу демилгесине байланыштуу кайрылуу жасады. Мекеме исламда сакал сүннөт болуп эсептелерин жана аны таза, тыкан кармоо керектигин билдирди.

«Аврат — бул мусулмандар башка адамдардын алдында жабууга милдеттүү болгон дене бөлүгү. Шариатта аялдарга колун (алаканын), таманын жана бетин (чачынан ээгине чейин) ачык калтырууга уруксат берилет. Калган дене бөлүгү аврат болуп эсептелет жана хиджаб менен жабылышы керек», — деп белгилешти муфтияттан.
Алар ошондой эле аялдарга никаб (паранжа) кийүү милдеттүү эмес экенин, бирок хиджаб парз экенин белгилеген.

«Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бетти жапкан кийим кийүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салууну сунуштап чыккан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх