Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде заманбап спорт комплекси курулууда

Аталган спорт мекемесинде жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлугүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каралган, учурда иш 80%га аяктап калган.

Аталган спорт мекемесинде жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар, эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, жуунучу жай менен ашканасы да пландаштырылган.

Белгилей кетсек, шаарда жаштар үчүн спорт комплексинин жоктугунан, жаштар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде машыгууга мажбур болуп келишет. Ал эми кыз келиндер үчүн спорт менен машыгуу залдары болгон эмес.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх