Таштандыдан табылган баланын аты Садыр болбой калды
Балага кандай ат коюлганы азыр белгисиз
Бишкекте 8-ноябрда таштанды челектен табылган наристенин атын ак халатчандар Садыр деп атаганы буга чейин маалымдалган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин айтымында ымыркайга башка ат коюлган. Ошону менен бирге, мекемеден балага кандай ат коюлганы жөнүндө так маалымат айтышкан жок.
Эске салсак, бүгүн наристени Таласта жашаган таянеси багып алууга даяр экени белгилүү болду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз