Жаңы төрөлгөн наристесин таштанды челекке калтырып кеткен келин СИЗОдон чыкты
Учурда келиндин дарыланып жатканы белгилүү
Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Бишкекте 8-ноябрда жаңы төрөлгөн баласын таштанды челекке калтырып кеткен келиндин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, СИЗОдон чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрда Октябярь райондук сотунда Октябрь РИИБдин тергөөчүсүнүн келиндин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылган. Учурда келиндин дарыланып жатканы белгилүү.
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги таштандыдан табылган баланы таенеси багып алууга даяр экенин билдиргенин кабарлаган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз