Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адамдардын жүзүнөн таануучу видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 735 адам табылды

ИИМ тарабынан республика боюнча көзөмөлгө алынган 800дөн ашык видеобайкоо камералары орнотулган

Адамдардын жүзүнөн таануучу видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 735 адам табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, укук коргоо органдары тарабынан заманбап технологияларды колдонуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

- Ички иштер органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүү көп жагынан кылмыштарды өз убагында аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгон жарандарды издөө зарылдыгы менен шартталган, - деп айтылат маалыматта.

ИИМ тарабынан республика боюнча көзөмөлгө алынган 800дөн ашык видеобайкоо камералары орнотулган. Анын ичинен 500дөн ашыгы коомдук жайларда орнотулган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо тутуму ишке киргизилгенден бери адамдардын жүзүнөн таануучу сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен жалпы 735 адам аныкталган. Алардын ичинен кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн 505 адам, үйүнөн чыгып кетип, келбей издөөдө жүргөн 114 адам жана эл аралык издөөдө жүргөн 104 адам бар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх