Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги №107 маршруттун ордуна эми автобустар жүрөт

Маршрут «Арча-Бешик» конушунан «Ак-Босого» конушуна чейин созулат

16-ноябрдан тарта Бишкектеги №107-маршруттун ордуна мындан ары автобустар жүрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынып, эми №107 кичи автобустун ордуна «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлеген ушул эле номердеги автобустар жүрө баштайт.

Маршрут «Арча-Бешик» конушунан «Ак-Босого» конушуна чейин созулат, ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтып, узундугу 38 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх