Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдылдажан Акматалиев КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына ээ болду

Ошондой эле Абдылдажан Акматалиевге 1 млн сом берилди

Бүгүн, 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өттү.

Иш-чаранын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин чечими менен кезектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык филология илимдеринин доктору, профессор, айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Россиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.

undefined

Төрага Нурланбек Шакиев Абдылдажан Акматалиевдин адабияттагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү салымы чоң экенин белгилеп, окумуштуунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Абдылдажан Акматалиевге 1 млн сом сыйлык да берилди.
Ал эми Абдылдажан Акматалиев ыйгарылган сыйлыкка ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы түгөнбөгөн кенч экенин, аларга изилдөө жүргүзүү тынымсыз улантылышы керектигин кошумчалады.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх