Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беттештин жыйынтыгына аябай капа болдум. Кыргызстандын Футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Малайзия менен болгон беттеш тууралуу пикирин билдирди

Кыргызстандын курамасы эми 21-ноябрда Омандын курама командасы менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын машыктыруучусу Штефан Таркович кечээ улуттук кураманын Малайзиянын командасына утулуп калгандан кийин комментарий берип, беттештин жыйынтыгына аябай капа болгонун жашырган жок. Машыктыруучунун пикири Кыргыз футбол союзунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Ал оюнда кыргыз футболчулары коргонууда көп ката кетирип коюшканын моюндаган.

- Беттештин жыйынтыгына аябай капа болдум. Биз үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жараттык, бирок коргонуу каталарынан улам көп голдорду өткөрүп жибердик. Ушунча гол киргизгенден кийин, натыйжада упайларга жетпей калганыбыз абдан капаландырат.
Биз бул беттеште көбүрөөк учурларды ишке ашыра алмакпыз. Оюнга физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдаган болчук. Биздин команда каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, бирок, тилекке каршы жыйынтыгында, абалды аягына чейин кармап, жөндөй албадык.
Алгачкы 55 мүнөттө команда бир аз пассивдүү болду, атаандашыбызды кысымга алган жокпуз, бирок андан кийин оюнчулар өздөрүн топтой алышты. Бирок кийинки алмаштыруулар чечүүчү ролду ойноду. Дарбазачыны алмаштырууга аргасыз болуп, жана бир нече оюнчулар да алмашкан, андан соң мындай жыйынтыкка келдик.

Эми команда үйдө Оман курамасына каршы ойнойт. Бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтыгын чыгарып, жеңилүүнү ызаасын тезирээк унутуп, кийинки оюнга даярдана башташыбыз керек. Оюнчулар катуу иштеп, болгон күчүн берип жатышат, бирок жеке каталар бизди жеңишсиз калтырууда.

Алдыдагы беттеште күйөрмандарыбыздын жана өз трибуналарыбыздын колдоосу бизге көбүрөөк күч жана ишеним берет деп ойлойм.
Биздин команда каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, бирок, тилекке каршы жыйынтыгында, абалды жөндөй албадык, - деген Таркович.

Эске салсак, кечээ, 16-ноярбда футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы «Букит-Жалил» стадионунда Малайзиянын командасы менен беттешип, 3:4 эсеби менен жеңилип калган.

Белгилей кетсек, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Омандын курамалары менен кез келет.
Д

үйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен ойнойт.
"Ак шумкалардын" тайпадагы экинчи беттеши Бишкекте болот.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх