Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Мен жөн гана коркуп кеттим” Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси үн катты

Келин ошондой эле баланын атасы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шек саналып жаткан 21 жаштагы келин окуя кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келин наристени үйдөн төрөгөн, кош бойлуу экенин ата-энеси билген эмес. Ал төрөгөндөн кийин коркуп баласын таштанды челекке таштап салганын айткан.

- Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат, - деген ал.

Келин ошондой эле баланын атасы жөнүндө маалымат бербей турганын кошумчалаган.

Эске салсак, кечээ келиндин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, СИЗОдон чыккан

Учурда келиндин дарыланып жатканы белгилүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги таштандыдан табылган баланы таенеси багып алууга даяр экенин билдиргенин кабарлаган.

Ымыркай Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх