Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык дзюдочулар өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 5 медаль жеңди

Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 16-19-ноябрь күндөрү өткөн

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 5 медаль жеңди. Анын ичинде бир алтын бир күмүш жана үч коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 16-19-ноябрь күндөрү өткөн.

undefined

Кыздар арасында 57 кг чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болуп, ал эми +70 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Балдар арасында 55 кг чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 кг чейинки салмак категориясында Арсен Анарбеков жана 90 кг чейинки салмакта Даут Полтушев коло медалдарга ээ болушту.
Жалпы командалык эсеп боюнча ата-мекендик спортчулар 5-орунду ээлешти.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх