Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде 500дөн ашык унаа кезекте турат

Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа өткөнү айтылды

Бүгүн, 20-ноябрь саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек - автожол” бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык "Ак-Тилек" постунун алдында 500гө жакын унаа кезекте турат.

Ал эми, өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа өткөнү айтылды.
- Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда, - деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматынан белгилешкендей, жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.

Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок экенин мекеме кошумчалады.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх