Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде кайрадан тыгын жаралды

Өткөн суткада Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген

Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрь, саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат.

Белгилей кетсек, өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен

Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген.
- Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат, — деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх