Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун акими Арча-Бешиктен табылган ымыркайдан кабар алды

Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүлүүдө

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган, ташталган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.

Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүү жана тамактануу каралган.

Эске салсак, ымыркай 20-ноябрга караган түнү Арча-Бешик конушундагы жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролгон кутуда болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх