Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын белгиледи

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 21-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Жунушалиев элчи Лесли Вигерини жылуу кабыл алып, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен элчиликтин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде маданий жана билим берүү тармагындагы алмашуу программаларын, ошондой эле бир тууган шаары аталган Колорадо-Спрингс менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Белгилей кетсек, 1994-жылдын 22-февралында Бишкек шаары менен Колорадо-Спрингс шаарынын ортосунда Тынчтык жана кызматташтык келишимине кол коюлган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх