Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн борбор калаанын 7- кичи районунда ичүүчү суу болбойт

Мэрия себебин түшүрдү

2023-жылдын 23-ноябрында саат 09:00 - 17:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү райондордо суу болбойт:
•7 кичи району №: 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 15/3, 173/2, 173/6, 16а, 16а/1, №20 мектеп (мурунку бала бакча), 7-кичи райондогу бала бакча 23/1.

Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарындагы диаметири 300 мм. водоводтогу оңдоо иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх