Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Азырка тапта Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жатат

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда таңкы саат 4:30дан тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Азырка тапта Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жатат. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдор тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Өлкөнүн башка ашууларында да кар жаап, ушундай эле иштер аткарылып жатат.

«Чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам, тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх