Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ахрор Иминов үй камагына чыгарылды

КР Күрөш федерациясынын вице-президенти Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө

КР Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов үй камагына чыгарылды. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Сотто маалымдалгандай, Иминов 4-декабрга чейин өлкөдөн чыгып кепөө шарты менен бошотулду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды төлөп берген.

Эскерте кетсек, Ахрор Иминов КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх