Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев колу сынып, каза болуп калган бейтапты дарылаган дарыгер менен бөлүмдүн башчысын иштен алды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы бүгүн маркум көз жумган 4-шаардык ооруканага барды

38 жаштагы бейтап каза болгон Клиникалык тез жардам ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы жана дарыгери жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Буга чейин маркумдун жубайы күйөөсүнүн колу сынып ооруканага жеткирилгенин, аны туура эмес гипске салышканын, бир нече күндөн кийин дарыгерлер анын колун кесип салууга туура келгенин айтып берген. Маркум операция болгон күнү каза болгон. Аял оорукананын дарыгерлерин шалаакылык үчүн айыптоодо.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн ооруканага барды. Ал бейтаптын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын угуп, бейтаптын өлүмүнүн себептери такталганга чейин бөлүм башчы менен бөлүмдүн дарыгерин ээлеген кызматтарынан бошотууну буйруду.

Эске сала кетсек, окуя боюнча оорукана дагы өз версиясын билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх