Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форуму өттү

Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу кечээ, 23-ноябрда Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунда КР билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө башталгыч класстын балдары үчүн бир жолку тамактанууну уюштурууга бардык шарттар түзүлгөн жана аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

- Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу. Анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат, - деди Кендирбаева.

Белгилей кетсек, мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумга КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана мекемелердин өкүлдөрү, профилдик илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдар катышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх