Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Араван районунда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат

Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоо-Моюн айылындагы "Кызыл-Талаа" мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.

undefined

- Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген, - деп айтылат маалыматта.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх