Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда «Бир дүйнө» кинофестивалынын тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды

Маалыматка ылайык, тасмада экстремисттик багыттагы көрүнүштөр бар экени аныкталган

30-ноябрга белгиленген режиссер Барбара Купистинин «Записки военного времени» тасмасынын каттоо күбөлүгү кайтарылып алынды. Бул тууралуу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору көрсөтүүсүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасмада экстремисттик багыттагы көрүнүштөр бар экени аныкталган.
«Кыргызтасмасы» улуттар аралык чыңалууну жарата турган тасманы көрсөтүүгө жол бере албайт», — деп белгилешти кино борборунан.

Белгилей кетсек, тасма борбор калаада 27-ноябрдан 1-декабрга чейин өтө турган адам укуктары боюнча эл аралык «Бир дүйнө» кинофестивалынын алкагында көрсөтүлмөк.

«Кыргызтасмасы» кино борбору Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн фильмдерди көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салынганын эскертти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх