Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектин Туңгуч кичи районундагы №5 ҮМБнын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында уюштурулган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылышы болду. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр өз сөзүндө №4 ҮДТда мамлекеттик дарыкананын ачылышы бул райондун калкынын сапаттуу дарыларга арзан баада жеткиликтүүлүгүн жакшыртаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Тунгуч кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 ҮДТсу 25 миңден ашык калкты тейлесе, анын 10 миң 664ү 14 жашка чейинки балдар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх