Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды
Иш-чарага облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышты
Ысык-Көл облусунун административдик борбору Каракол шаарында кечээ кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, иш-чарага облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров, коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген коноктор, ошондой эле кышкы эс алууну ышкыбоздору катышты.
Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө кышкы туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз