Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде согуш маалында үйлөрү, унаалары жана мал-жандыктарынан ажыраган эл депутаттарга кайрылды

2022-жылдагы чек арадагы куралдуу кагылыштан жапа чеккендер кайрылуусун кабминге жеткирүүнү суранышкан

2022-жылдын 16-17-сентябрында Тажик Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы куралдуу кагылышта жабыркаган Капчыгай айылынын жашоочулары Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Алар эл өкүлдөрүнөн кайрылуусун министлер кабинетине дагы жөнөтүүнү суранышкан.

- Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары 2022-жылдын 16-17-сентябрында Тажик Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы куралдуу кагылыштын айынан Капчыгай айылындагы тургундардын үй жайы, мал жандыктары, авто унаалары, мүлк-малдары күйүп жана талап-тонолуп кеткендиги жөнүндө сиздердин да кабарыңыздар бар.
Жан кейиткен оор жоготууга учураган, кырсыкка кабылган элдин акыбалын көрүп, билип жүрөктүн, толтосунан туюп, сезип өз учурунда канкордук көрүп, күйгөн үйлөрүбүздү кайрадан заманбап архитектуралык типтүү үйлөдү куруп бергениңиздер үчүн бүгүнкү күндөгү бийлик башында турган Улуу урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичке, УКМКнын башчысы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке, Министрлер Комитетинин төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбековичке, жана Жогорку Кеңештин депутаттаы, сиздерге жалпы Капчыгай айылынын тургундарынын атынан чоң ыразычылык билдирип кетебиз. Айкөлдүгүңүздөргө жана иш билги аракетиңиздер үчүн чоң рахмат.

Мындан аркы ишиңиздерге ийгилик, ооматтарды жараткандан сурап, тилейбиз.
Учурдагы биздин негизги көйгөйлөрүбүздүн бири болгон үйдүн ичиндеги күйүп кеткен жана тонолуп ташылып кеткен үй-эмеректерибиз жана өрүк, шаалы, арпа-буудай жана башка жыйган терен көп жылдык үй-мүлктөрүбүздүн компенсациясын төлөп берүү жагы кечиктирилип жатат.

Жаңы үйлөр бүтүп, кубанычыбыз коюнга батпай турса да, жайдак үйдө жашоо кунарсыз болуп турган убагы. Жашоого керектелүүчү көп буюм-теримдерибиз жок. Аларды алып ордуна коюуга учурда элдин чана-чаркы чектелүү, каражат-каржысы жок.
1-маселе: Ошондуктан жоголгон мүлктөрдүн чыгымын төлөп берүү жагыңыздарды суранат элек;
2-мааселе: Бир огороддо эки-үч үй-турак жайы бала-чакалары, келин-кесектери менен бирге жашагандарга экинчи үйлөрдү салып берүү жагын тездетүүнү суранабыз;
3-маселе: Айылды кайра калыбына келтирүүдө ички жолдорубуздун акыбалы начар болуп калган. Ошол жолдорго кум-шагыл төшөп, колдон келсе асфальт төшөп берүү жагын суранат элек жалпы Капчыгай элинин атынан.

Мына ушул жогорудагы үч маселени чечип берүү жагыңыздарды сиздерден суранабыз Урматтуу Жогорку Кеңештин Депутаттары!, - деп жазган Капчыгай айылынын тургундары.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх