Бишкек үч жылда толугу менен газдаштырылат
Учурда газдаштыруу иштери Новопавловка жана Селекция айылдарында жана «Ак-Босого» жаңы конуштарында жүрүүдө
Үч жылдын ичинде Бишкекти газдаштыруу иштери толугу менен аяктайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын аягына чейин көгүлтүр от төмөнкү жаңы конуштарга берилет:
«Ак-Тилек»;
«Ак-Тилек-2»;
«Ак-Тилек-Турбаза»;
«Бакай-Ата»;
«Ала-Арча»;
«Жогорку Көк-Жар»;
«Товарная»;
«Попеновка»;
«Төкөлдөш».
Учурда газдаштыруу иштери Новопавловка жана Селекция айылдарында жана «Ак-Босого» жаңы конуштарында жүрүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз